Египетте сууга чөгүп жаткан баланы куткарууга аракет кылган 10 адам каза болду

Египеттин түндүк тарабында жайгашкан Александрия шаарында сууга чөгүп жаткан баланы куткарууга аракет кылган 10 адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын маалыматына таянуу менен чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, окуя Жер ортолук деңизинин жээгинде таң эрте орун алган. Анда жаш баланын сууга чөгө баштаганын көргөн жанындагы адамдар биринин артынан бири аны куткаруу үчүн сууга киришкен. Бирок бала да, аны куткарууга аракет кылган 10 адам да аман калган эмес. Жээк коронавирус пандемиясына байланыштуу жабык болгондуктан, ал жерде куткаруучулар жок болгон. Маалыматта жалпысынан 11 адам каза болгондугу айтылат. Куткаруучулар 7 адамдын гана денесин табышты, учурда калган адамдардын денесин издөө иштери улантылууда.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул жээкти "өлүмдүн жээги" деп аташат. Себеби бул жерде адам өмүрүн алган кырсыктар көп катталат.

Буга чейин да Кытайда сууга чөгүп жаткан досун куткарууга аракет кылган 7 бала каза болгондугу жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
rola
2020-07-11 22:13:35
Олгондордон башка кабар жокпу.Ооруп олмой болдук стресске тушуп.
+12
Nursul
2020-07-12 00:48:13
Вирусу жок эле ойлонуп сттестен эле өлүп калат окшойбуз өлүмдөн башка тема жок интернетте
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан