Социалдык тармакка Бишкектеги дарыканалардын биринде узун кезекке тургандардын сүрөттөрү жарыяланды. Анда болжол менен 400дөн ашуун адамдарды көрүүгө болот. Сүрөт 12-июлга караган түнү тартылган.
Интернет колдонуучу тарабынан жарыяланган сүрөткө төмөндөгүдөй билдирүү жазылган.
"Неман" дарыканасына Гепарин антикоагулянты келип, 450 сомдон сатылууда деген кеп тарагандан кийин эле ал жерге 300-400 киши кезекке туруп калышты. Ушундан улам элдин абдан көп ооруп жатканын билсек болот. Бул дарынын бир ампуласын бир канча эсеге кымбат ортомчулардан сатып алганбыз деген дарыланып жаткандар. Элдин азыркы суроо-талабын эске алып, атайын Гепарин алдырган "Неман" аптекасына ыраазычылык билдирели. Азаматтар!
Бирок жаман жери, эми аны да алып-сатарлар келип арзан алышат да, кайра элге кымбат сата башташат. Дары азыр бизге аба, суудай эле керек болуп турат. Албетте эч ким оорубасын, дарыны да ичпей эле коёлу деп тилейли! Бирок, ошентсе да азыркы күндүн талабы болуп турат", - деп айтылат анда.
Бир нече күндөн бери социалдык тармактарда Клексан, Гепарин, Цефепим, Цефуроксим жана башка вируска каршы дарыларды издегендер көбөйүүдө. Бул дарыларды табуу кыйынчылык жаратып, айрымдары дары-дармектерди чет өлкөдөн алдыртып жаткандарын жазышууда.