Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен Сауд Арабияга январь жана февраль айында 213 адам барган. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев билдирди.
Анын айтуусуна караганда, коронавирус аныкталган адамдарды умрага Муфтият жөнөткөн эмес. Алар өз алдынча барып келишкен.
"12 күндүк умрага быйыл Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен 213 адам барып келди. Алар январь жана февраль айларында барышкан. 12-мартта кичи ажыдан келген адамдар менчик фирмалар менен барып келгендер. Учурда Кыргыз өлкөсүндө умраны уюштурган агенттиктер көп, канча агенттик бар, анын баарын Юстиция министрлигинен такташ керек", - деди Атабаев.
Бүгүн, 18-мартта Сауд Арабиясынан келген 3 кыргыз жаранынан коронавирус катталып, вирусту жуктургандар кичи ажыга барып келген адамдар экени аныкталган.