Өлкөгө кирген жарандардын маалыматтары электрондук базага киргизилет

Жакында республикага келген бардык адамдардын маалыматтарын каттоонун электрондук формасы ишке киргизилет. Бул тууралуу COVID-19га каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын жыйынында айтылганын министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесинде омикрон штаммын алып кирүүгө жана анын жайылышына жол бербөө боюнча кабыл алынып жаткан чаралар талкууланган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жаңы штаммдын тез жайылышынын алдын алуу максатында натыйжалуу иш-аракеттер алгоритмин иштеп чыгуу зарылдыгы тууралуу сөз кылды.

"Мамлекеттик чек араларды жабууга каршы, ага байланыштуу COVID-19 жаңы штаммын алып кирүүгө жана анын жайылышына жол бербөө боюнча чараларды күчтөндүрүү зарыл. Жакынкы арада республикага келген бардык жактардын маалыматын электрондук түрдө каттоо киргизилет", - деди Байсалов.

Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигине чек араны кесип өткөндөр үчүн ПЦР-тестти тапшыруу мөөнөтүн келүүгө чейин 72 сааттан 48 саатка чейин кыскартуу маселесин карап чыгуу тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан