Орусиядан жардамга келген дарыгерлерди эмне себептен эч ким тосуп алган эмес? Өкмөттүн жообу

Кечээ, 12-июлда өлкөдөгү азыркы кырдаалга байланыштуу Москвадан дарыгер жана медкызматкерлердин экинчи тобу учуп келгенин, бирок аларды эч ким тосуп албай койгону социалдык тармактарда талкуу жараткан. Бул окуя боюнча өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн түшүндүрмө беришти.

"Медицина кызматкерлерин тосуп алууга байланыштуу бардык уюштуруу иштерин Саламаттыкты сактоо министрлиги жүргүзүп келген.

Дарыгерлерди вице-премьер-министр Акрам Мадумаров тосуп алышы керек болчу деп массалык маалымат каражаттарына жарыяланган билдирүү чындыкка дал келбейт.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, мекеме жетекчилиги объективдүү себептерге байланыштуу аларды аэропорттон тосуп алууга бара албай калган. Бирок андан кийин министрликтин жетекчилиги келген медицина кызматкерлери менен жолугушту", - деп жазылган билдирүүдө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
TalaCSKA
2020-07-13 08:18:30
Объективный причина менен тосуп албаганы го тушунукту бирок ошол именно эмне причина экенин айтса болмок!?
+17
rysik79
2020-07-13 08:27:10
Баягыле шалаакылык. Каратайып чачын тараганча той тарап кетиптир.
+21
Samatalibei
2020-07-13 08:31:21
Актанбай сырттан келген акчадан миң сом берсеңер любой маршрутка күтүп алып келмек.
+20
yasin11
2020-07-13 09:04:39
Биздин чондорго баарыбир болуп калганы даана корунуп калды кантип эле ушундай болсун жардамчыларын жонотсода болот элего
+18
Bars88
2020-07-13 09:17:53
Тосуп алгандан аларга азыраак тушуп калса керекда.Обсервацияларда ар бир местаны сатып атышыптыр деп атышатго элдер.Акчаны корушкондо тосуп алуу деген ойлоруна дагы келбесе керек.Кайра элдердин кобуроок оруганы керектир чондорго кобуроок табышат
+11
Aselya_9105
2020-07-13 09:47:09
Жакында шайлоо эмеспи, чарчашат да, ага чейин ооруп калбаш керек. Эс алып алышсын.... объективдуу себеп ушул.... Эс алгыла жакшылап, эс алгыла!!!
+12
Alia82
2020-07-13 10:16:39
Фуу, тфу силерге, шалаакылык силердин тилинерге которгондо обьективдуу себеп болот да
+13
Shef87
2020-07-13 11:35:52
Кийин жолугуп кечирим сураптыр дейт го жанар акаевдин видиосун чыгарып койсонор
+2
rola
2020-07-13 11:38:03
Кайдигерлик!
+5
maks1980bishkek
2020-07-13 12:36:47
ушунчалык да кайдыгер болушабы.айтпайбы валантерлорго өздөрү тосуп алмак. сөз жок экенда буларга
+4
bema_bema
2020-07-13 12:53:18
Жаман кармап алып жанчып сала тургандар.Ушундай эли жерин ойлобогон, акча деп жан талашкан адамдарга жуксун, жанагы аты жаман оору.Жан кашайганда айтат экенсинда.
+6
Arman007
2020-07-13 22:14:52
Булардын кылганы кайдыгерлик эмес шалаакылык да эмес , бул коргонсуздук тоготпогондук аларга акча керек горуно ала кетчуудой акча десе олгондор. Акырын ойлобой журушот кабырдагы сурактан кабары жок
+1
Paprikafm
2020-07-13 22:15:30
Орусиядан бир самалет акча келди десе, уууууу баарынар жугурсонор керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан