Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүн, 25-апрелге карата өлкө аймагында коронавирус аныкталган жарандардын саны 665, каза болгондордун саны 8 жана айыккандардын саны 345 адам деп маалымат берди. Айыкты делген 345 адам өлкөнүн ар кайсы аймагында жашаган жарандар. Мурун-кийин бул вирусту башынан өткөрбөгөн кыргыз эли азыр айласын таппай, түшүнүксүз суроолоруна жооп таба албай убара.
Мындан улам SUPER.KG порталы ошол айыкты делген 345 адамдын бирөөсү менен маектешти. Ооруканада эки аптадай жатып, суроолоруна да жооп ала албаганын айткан каарманыбыз үйүнө чыгып келгенине аз эле болду. Ал аты-жөнүн ачык жарыялабоону өтүндү. Анткени азыркы тапта анын ата-энеси, балдары жана келинчеги обсервацияда жатат. Ал жакындарыма чындыкты айтканымдын кесепети тийип калбасын, алардын аман-эсен ооруканадан чыгып келгенинен башка эч нерсени каалабайм дейт.
- Саламатсызбы, ден соолугуңуз жакшыбы? Коронавирустан айыгып чыккан экенсиз, кубанычтабыз. Айтсаңыз, вирусту кантип, каяктан эмне болуп жугуздуңуз жана кантип ооруканага жатып калдыңыз?
- Рахмат, жакшы. Мен чет өлкөгө эмес, Кыргыз өлкөсүнүн эле облустарынын бирине дааватка баргам. Ал жактан келгенде, үйгө келүүдөн мурун намазканада болдук. Дааваттан келгенден кийин 10-бөлүмдөн милиция кызматкерлери, санэпидемстанция кызматкерлери, ФАП жана айыл өкмөттөн адамдар келишти. Алар бизден түшүнүк кат алып, дене табыбызды текшерип, "үйдөн чыкпагыла, карантин эрежелерин сактагыла" деп кетишкен. Ошентип бир күн үйдө болдук. Анын эртеси эле обсервацияга алып кетишти. Обсервацияда алты күн жаттык. Башында тапшырган анализибиз таза чыккандыктан, дарыгерлер эч кандай вирус жок экен дешти. Анан "кете бергиле" дешти, үйдөн чыкпайбыз деген түшүнүк кат жазып бердик. Үйгө келгенден кийин төрт күн өткөндө дарыгерлер кайра келип, экинчи анализди алып кетишти. Ошентип карантин эрежелерин сактап, үйдө жатсак "сиздин анализиңиз таза чыккан жок, сизде вирус бар экен" деп мени эле эмес, үй-бүлөмдү да ооруканага алып кетишти. Мени жугуштуу оорулар бөлүмүнө, үй-бүлөмдү башка жакка жаткырышты.
- Сизде вирус бар экен деген сөздү укканда алгач кандай абалда болдуңуз?
- Биринчи вирус жугуп калыптыр дегенде, албетте, корктум, калтырап жаман абалда болдум. Мен өзүмдөн, ден соолугумдан корктум десем калп айткан болом. Болору болуптур, эми жакындарым аман болсо экен деп алар үчүн кабатырланып, Жараткандан алардын ден соолугун тилеп, жалбарып жаттым.
Андай учурда биринчи жакындарың эске келип, өткөн өмүрүң көзгө тартылып, башка ойду ойлобой эле жакындарыңдын амандыгын тилеп калат экенсиң. Сөз жаман да, ал маалыматты уккандан кийин жаман болгонум менен өзүмдөн эч кандай симптомдорду байкаган жокмун. Анан дарыгерге "макул, мен вирус жугузуп алыптырмын, бирок менин ден соолугум калыбында, мурун кандай жашап келсем, азыр да ошондоймун" деп кесе айттым. "Мен, балким, вирустун симптомдорун толук билбей жатам, ал кандай болот, эмне болот?" деп дарыгерден сурадым. Ал "азыр эч кандай симптом байкалбайт, вирус 5-6-күндөн баштап 14 күнгө чейин билинет" деп айтты. Дене табыңыз көтөрүлүп, жөтөлүп, демиңиз кысылат, ошол кезде бизге байланышасыз деп дарыгер телефон номерин берди. Алар менен бир оорукана ичинде болгонубуз менен телефондон кабар берип, сүйлөшүп жаттык. Абалыбызды, дене табыбыздын өлчөмүн телефон аркылуу айтып турдук. Алар айткан мөөнөт өткөндөн кийин деле эч кандай симптомдор билинген жок, өзүмдү баштагыдай эле жакшы сезип жаттым.
- Бул боюнча сиздерди карап жаткан дарыгерлерге айтууга мүмкүнчүлүк болуп жаттыбы? Сураган болсоңуз, алар эмне деп жооп беришти?
- Албетте, көп суроолор болду. Медицинаны түшүнбөгөн жарандар көп да. Мен медицина тармагына кызыгып, маалымат алып турган үчүн түшүнбөгөн учурларды аларга дароо эле айтып, билдирип жаттым. Анткени өзүм дагы оорума байланыштуу дарыгерлерге тынымсыз каттап, көрүнүп турчумун. Ал жерден бизге кызмат көрсөтүп жаткан дарыгерлер аябай жакшы карап, жылуу мамиле жасап жатышты. Бул жерде бир эле бизге кыйын болду деп айтпайм. Ошол жерде жүргөн медицина кызматкерлерине дагы кыйын болот экен. Алар биз менен 14 күн болуп, андан ары дагы обсервацияга жатышат. Бул аралыкта үй-бүлөсүнө барбай, күнү-түнү күзөттө турушат. Алардын эмгегин жакшы түшүнүп, кызматкерлерди аяп турдум.
Биз жатканда эч ким оорубай турганына мен эле эмес, ошол медицина кызматкерлери дагы күбө. Белгиленген мөөнөт келсе да симптом билинген жок. Эмнеге мындай болуп жатат, оорубай эле коёлу, бирок сенин ден соолугуң таза турса, сени оорулуу кылып койгон учур адамга өзүнөн өзү шек жаратат экен. Кантип ойлонбой коёсуң? "Мөөнөт өттү, эмнеге билинген жок?" десек, ар кимдин организми ар кандай болот, сиздин иммунитетиңиз туруштук берди деп жооп беришти.
- Балким аныгында сиздин организмиңиз күчтүүлүк кылгандыр...
- 8 жылдан бери эки бөйрөгүм тең ооруйт. Коронавирус эмес, менин организмим кадимки сасык тумоону көтөрө албай, бөйрөгүмдү жабыркатып "Тез жардам" чакырып, ооруканага жаткан күндөрүм болгон. Бул андан күчтүү вирус болуп жатса, анан кантип менин иммунитетим туруштук берди деген суроолор пайда болуп, жообун билбей жаттым. Дарыгерлер дагы бизди түшүнсө болот. Алар таптаза кишини эле жаткырып, дарысы жок эле камап койгон сыяктуу болуп жатат. Берген суроолорубузга дагы эч кимиси жооп бере алган жок.
Эгер мен ооруну алып жүрүүчү болсом, анда меники качан өтүп кетет же мен эмне өмүр бою оорубай эле алып жүрүүчү болуп жүрө беремби деген суроолор жаралат да. Алар өтүп кетти деп коюшту. Дарыгерлер "билбейбиз, бизге да тиги жактан анализдин жыйынтыгын айтышат" деп жооп берип кутулуп жатышты. Мисалы жарандардын өпкөсүн тартып, анализдерди алып жатышты. Бул вирус пневмония же өпкөгө суук тийгенге окшош деп карашат экен. Мындан улам өпкөбүздү тарттырсак, өпкөбүз таза эле чыгып жатты. Пневмония, кант диабети, кан басымы бар кишилер өз ара ойлонуп, стресс болуп жатышты. Анткени ооруну көбүнчө жашы өтүп калгандар, өнөкөт оорулары барлар көтөрө албайт да.
- Сизде вирустун белгилери аныкталбаса, демек алар сизди дарылашкан жокпу же дарылап, кандайдыр бир аракеттерди көрүштүбү?
- Мен 16 күн бою эч кандай дары-дармек кабыл алган жокмун. Ал жакта үч маал тамак берип жатышты, дене табын өлчөөчү аспап ар дайым жаныбызда болду. Алар сураганда, биз текшерип жыйынтыгын айтып коюп жаттык. Кан басымыбызды текшерип, кан алган учурда алып жатышты. Жыйынтыгында баары эле жакшы болуп чыкты. Биз түшүнүп жатабыз Европада кандай болуп, канчалаган адамдар өлүп жатат. Биз жакка коронавирустун жеңил формасы келип калыптыр деп жыйынтык чыгаргандары дагы түшүнүксүз болууда.
Анан бизди карап жүргөн медайымдарга абдан ыраазы болдум. Алар бейтаптарга өз балдарындай мээрим төгүп, жакшы карап жатышты. Андан кийин обсервацияга кеткенде дагы чалып, ден соолугубузду сурап жатышты.
- Бир бөлмөдө канча адам жатты же өзүңүз эле жаттыңызбы?
- Кээ бир бөлмөлөрдө үч-төрт адам, кээ бир бөлмөлөрдө эки адам. Обсервациядагыларды чогуу эле жаткырып коюп жатышты. Мисалы бир обсервацияда үч адамдын анализи таза чыкса, алар бир бөлмөдө болуп жатышты.
Бизди коронавирус жуктуруп алыпсыңар дегенде эл ичинде дүрбөлөң чыкты. Ошондо баарында коркуу сезими болуп жатты. Бул сабыр кылсаң эле өтүп кетчү нерсе экен. Бирок өкүнгөнүм, адамдын укугуна доо кетип калат экен. Аларга моралдык жактан аябай эле доо кетти. Мына ошол нерсени дарыгерлер түшүнбөй жатат. Ал эми жарандар болсо, дарыгерлердин эмгегин түшүнбөй жатышат.
- Бейтапканада жаткан бир күндүк жашооңузду айтып берсеңиз?
- Эртең менен туруп каша жеп жаттык. Андан кийин дарыгерлер келип, дене табыңды, кан басымыңды текшерет. Айрым учурда анализ алат, жеке мени бир жолу рентгенге алып барып, өпкөмдү тартышты. Түштө түшкү тамакты, кечке жуук кечки тамакты ичебиз. Ушундай жашоо ыргагы күн сайын кайталанып жатты.
- Айыл, кошуна-колоң менен мамилеңиз болуп жатабы?
- Азыр айылдагы адамдарга канча бир убакытка чейин кошула албасаң дагы, бөлүнүп жашасаң дагы ал эч нерсе эмес. Негизгиси Кудайдын алдында таза болуп, андан бөлүнбөсөк ошол жетиштүү деп эсептейм.
Биздин үй-бүлө кошуна-колоң тарабынан басмырлоо сыяктуу корккон учурларды байкоого жетишпей калды. Себеби менин үй-бүлөмдү обсервацияга алып кеткен. Чогуу алып кеткенден кийин эле мен биринчи чыгып келдим. Вирустун айынан мен эле эмес, айланамда жашаган адамдарга деле себепсиз доо кетип жатат. Биздин көчөдөн демейде өтүп жүргөн адамдар өтпөй калды. Мен өзүм деле азырынча эч жакка чыкпайм, азык-түлүк алганы дүкөндөргө барууга деле көңүл чаппай турат. Себеби мен элден өзүмдү-өзүм чектеп калдым. Сенден ары туруп сүйлөшөйүн деген мамилени каалабайм. Ошондуктан алар ушул сыяктуу сөздөрдү айта электе мен аны сезип, өзүмдү чектеп жатам.
Анан өкүндүргөнү, статистикага коронавирус менен жабыркаган деп катталып, кайра статистикада коронавирустан айыккан киши болуп чыктык.
- Үйүңүздө эч ким жок болсо, тамак-ашыңыз кандай болуп жатат?
- Тамак-аш жактан маселе жок, кабатырланбаңыз. Азык-түлүк жетиштүү. Буюрса, баары өтүп кетет. Ал эми коронавирусту дааватчыларга шылтоого болбойт жана бул таптакыр туура эмес экенин айтып койгум келет. Азыр деле көрүп жатабыз да, башка мамлекеттен учуп келген жарандардан коронавирус аныкталганын айтып жатышат. Дааватка барбаган, ал жөнүндө түшүнүгү жок обсервацияга алынган жарандардын толтура экенин көрдүм. Балким дааватчыдан деле вирус чыккандыр, аны көбүртүп, жабыртуунун кереги жок. Азыр коомдо билген адам деле, билбеген адам деле сүйлөп калган заман болуп калды. Билбегенибизди сүйлөбөй, көрүп, билгенибизди айтсак, менимче коомчулукта мынчалык эки ача пикирлер болмок эмес.
Жеке өзүм суроолорума жооп ала албагандыктан, мен өзүмдөгү эле өтмүштү айттым. Пикиримди башкаларга таңуулай албайм. Бирок өзүмдөгү акыйкаттуулукту айтып коюуну милдетим деп эсептейм. Менде мындай ой болду - дарыгерлерге оорубадык, биздин атыбызды аңыз кылып, жаман көрсөтүп ооруканага бизди алып келбей эле үйгө камап койсоңор болмок экен дедим. Бизди үйгө кармасаңар деле ушул процессти өтмөк экенбиз деп айттым. Бизге ушул адам жаман оору менен ооруду деген ат жаман угулуп жатат да.