Өлкөнүн үч облусунда жер титирөө катталды

12-июль күнү саат 06:28де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Жер титирөө Нарын районунун Кара-Булак айылында, Ак-Талаа районунун Орто-Сырт айылында 4 балл, Ат-Башы районунун Ак-Бейит, Казыбек, Кызыл-Туу айылдарында 3,5 балл, Ак-Талаа районунун Баетов, Кара-Суу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

12-июль күнү саат 23:46да Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Оргочор, Подгорное, Кызыл-Суу айылдарында 3,5 балл, Жети-Өгүз, Саруу, Мундуз айылдарында 3 балл, Жети-Өгүз районунун Дархан айылында жана Каракол шаарыда 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

13-июль күнү саат 01:05те Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын чегинде очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Лейлек районунун Алга, Жеңиш, Ак-Суу айылдарында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kyrgyz-aiym
2020-07-13 15:57:26
Аллахым айттырбай келген апааттан сакта! Дуйно Эли тынч Болсун оо Аллах!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан