Япониядагы суу ташкынынан жана жер көчкүдөн каза болгондордун саны 72ге жетти

Японияда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепети суу ташкынына жана жер көчкүгө алып келди. Жаратылыш кырсыгынан каза болгондордун саны 72ге жетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка ылайык, каза болгондордон сырткары 13 адам дайынсыз болууда. Мындан тышкары кырсыктан 14 миң турак жай жабыр тарткан. Өзгөчө Кумамото префектурасы жапа чеккен.
Учурда жеринде куткаруу-издөө иштери уланууда. Ага 20 миң аскер кызматкери тартылган.
Буга чейин Япониянын түштүк-батышында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепети суу ташкынына алып келгендиги кабарланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан