Туздалган капуста жана кычкыл сүт азыктары коронавирустан коргонууга жардам берет

Франциянын Монпелье университетинин окумуштуулары туздалган капуста жана кычкыл сүт азыктары коронавирустан сактанууга жардам берерин аныкташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта ар улуттун күнүмдүк турмушта колдонгон салттуу азыктары менен алардын иммунитети коронавируска кандай туруштук берерин аныктоого мүмкүн экендиги айтылат. Окумуштуулардын изилдөөсүндө туздалган капуста жана кычкыл сүт азыктарын күнүмдүк рационунда көп колдонгон өлкөлөрдө коронавирустан каза болгондордун саны эң төмөнкү көрсөткүчтө болгон. Алсак, Германия жана Түштүк Корея өлкөсүнүн күнүмдүк колдонуучу азыктарынын катарында туздалган капуста (квашеная) жана кимчи (жашылчалар, ачуу калемпир, сарымсак жана татымалдардын түрү кошулат) турат. Алардын курамында иммунитетти чыңдоочу, ар кандай вирустук инфекциялардын организмге кирүүсүн алдын алуучу жана коронавирустун оор формасына өтүп кетүүсүнө жол бербеген антиоксиданттар бар. Бул азыктарды колдонгон өлкөлөрдө коронавирус жуктуруп алгандардын көпчүлүгү айыгып кеткен.

Мындан сырткары Греция, Болгария жана Түркия өлкөлөрүндө коронавирустан катталган өлүмдүн саны башка өлкөлөргө салыштырмалуу аз болгон. Мындай көрсөткүчтү аталган өлкөлөрдө йогурт жана башка кычкыл сүт азыктарын көп колдонгондугу менен байланыштырышкан. Йогурттун курамында да антиоксидант бар, бирок туздалган капустага караганда аз өлчөмдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
AdylbekB84
2020-07-14 09:48:36
Демек кымыз дагы сактайбы ошондо, ал дагы кычкылго көптөгөн оорууларга даба.
+9
rola
2020-07-14 11:13:58
AdylbekB84,Саамал ичиш керек.Аз кандуулукка,иммунитетти которгонго эн мыкты жардамы тиет.
+3
Noon
2020-07-15 00:22:52
Бири айтат молочный вообще колдонбогула деп, бири колдонгула. Кимди угабыз озу?
0
Kuban-1207
2020-07-15 09:04:30
Чеснок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан