АКШ коронавируска каршы вакцинаны жай айынын аягына чейин чыгарышы мүмкүн

АКШнын дары каражаттарын өндүрүүчүлөрү ушул жылдын жай айларынын аягына чейин коронавируска каршы вакцинаны чыгырууну баштайт. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясынын маалыматына таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Анда айтылгандай, АКШ 2021-жылдын башында коронавируска каршы вакцинанын 300 миллион дозасын чыгарары күтүлүүдө. Вируска каршы вакцина чыгаруу иши башталган. Бирок иштелип жаткан вакциналардын ичинен кайсынысы жогорку эффективдүүлүгүн көрсөтөрү жана белгиленген убакытка чейин таасирдүү препарт даярдоо мүмкүн болобу же жокпу азырынча белгисиз.

Акыркы маалыматтар боюнча, АКШда жалпы 3 миллион 361 миң 42 адамдан коронавирус аныкталды. 135 миң 582 адам каза болсо, 1 миллион 31 миң 856 бейтап айыгып чыкты.
Ал эми дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 13 миллион 61 миң 792 адам жуктуруп алды. Анын 7 миллион 221 миң 190у айыгып чыкса, тилекке каршы 571 миң 840 бейтап каза болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан