Бул жылы Тажикстанда Орозо айт намазы окулбайт. Бул тууралуу тажик басылмалары жазып чыгышты.
"Коронавирустун айынан жарандар биргеликте окуган Орозо айт намазы быйыл болбойт. Намазды онлайн түрдө да өткөргөнгө болбойт, ага анткени Ханафит мазхабы жол бербейт", - деп билдиришкен өлкөнүн Дин башкармалыгынан.
Орозо айт намазынын убактысы жакынкы күндөрү белгилүү болот. Ал 24-майга болжолдонууда.