Бишкектеги түнкү стационарлар алгачкы бейтаптарды кабыл ала баштады (сүрөт)

Бишкек шаарында ачылган түнкү стационарлар медициналык жардамга муктаж болгон алгачкы бейтаптарды кабыл ала баштады. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, шаардык ооруканаларда орундардын жетишсиздигинен, ишкерлердин колдоосу менен медициналык тез жардам көрсөтүү үчүн түнкү эки оорукана ачылды.

"Бүгүн, 14-июлда саат 21:00дөн баштап, түнкү медициналык бөлүмдөр алгачкы бейтаптарды кабыл ала башташты. Белгилей кетсек, ооруканалар түнү бою, таңкы саат 09:00гө чейин иштейт.

Түнкү стационарлар 7-кичи районундагы "DSK" спорттук комплексинин базасында (120 орун) жана Фрунзе менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Консул" ресторанында (100 орун) ачылган.

Дарыгерлер, медайымдар жана күзөтчүлөр тобу эки пунктта нөөмөттө турушат. Медициналык жардам көрсөтүлүүчү жайда жарандардын ыңгайлуулугу үчүн көчмө дарыканалар ачылган.

Түнкү стационарларга жашаган жерине карабастан бардык жарандар кайрылып, медициналык жардамды ала алышат. Эгерде түн ичинде күтүлбөгөн жерден ден соолугуңуз же жакын адамыңыздын абалы начарлап кетсе, "Тез жардам" кызматын (103) чакырыңыз. Ал эми "Тез жардам" кызматынын келүүгө убактысы жок болсо, түнкү ооруканага барсаңыз, сизге өз убагында медициналык жардам көрсөтүлөт", - дешти мекемеден.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Alia82
2020-07-15 00:50:16
Ыктыярчы, патриот инсандарыбыздан Аллах раазы болсун
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан