Ташкентте жубайлар коронавирустан бир күндө каза болушту

Кечээ, 14-июлда Өзбекстандын Ташкент шаарында жубайлар коронавирус инфекциясынын айынан бир күндө каза болушту. Бул тууралууу саламаттыкты сактоо министрлигине таянып, жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

"Алмазар районунда жашаган 68 жаштагы эркек кишинин жана анын 67 жаштагы аялынын температурасы 38 градуска көтөрүлдү. Жалпы алсыздыктан улам, алар 5-июлда Республикалык медициналык илимий изилдөө борборуна "Тез жардам" унаасы менен жеткирилген. Оорулуулар текшерилип, COVID-19 аныкталган", - деп билдирген саламаттыкты сактоо министрлиги.

Андан кийин эки бейтап тең №1 шаардык клиникалык оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө которулган. Абалдары начар болгондуктан экөө тең ИВЛ аппаратына туташтырылган.

Акыркы күндөрү жубайлардын абалы кескин начарлап, 14-июлда курч респиратордук жана жүрөк-кан тамыр ооруларынан көз жумушкан.

Коңшу өлкөдө 14 миң 85 адам коронавируска кабылса, 67 бейтап каза болду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан