Соңку 24 саат аралыгында COVID-19 жана пневмония илдети 483 жарандан аныкталды. Бул туурасында республикалык штабдын статистикалык маалыматында айтылат.
Бишкек - 281;
Ош шаары - 4;
Чүй облусу – 31;
Ош облусу – 4;
Талас облусу - 7;
Нарын облусу - 19;
Ысык-Көл облусу – 71;
Жалал-Абад облусу – 57;
Баткен облусу - 9.
Республика боюнча жалпы 169 миң 500 адам коронавирус инфекциясынан жабыркады.
Ал эми бир суткада 1 миң 360 адам илдеттен айыкты делинип, стационарлардан чыгарылды. Муну менен айыккандардын жалпы саны 158 миң 285ти түздү.