ТИМ Новосибирск-Бишкек каттамы боюнча буга чейин авиабилеттерди сатып алган Кыргыз жарандарын алып келүү маселесин макулдашты

Тышкы иштер министрлиги Новосибирск-Бишкек каттамы боюнча буга чейин авиабилеттерди сатып алган Кыргыз жарандарын алып келүү маселесин макулдашты. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-апрелде Орусия Кыргыз мамлекетинен өзүнүн жарандарын алып кетүүнү мерчемдеген. Орусия тарап менен ушул эле каттам боюнча Новосибирск шаарындагы мекендештерибизди алып келүү тууралуу макулдашуу жетишилди.

Буга чейин пландаштырылган каттам менен мекенине учуп кете албай калган, колдоого жана жардамга өзгөчө муктаж болгон Кыргыз жарандарына Новосибирскте убактылуу жайгаштырууда жана тамак-аш менен камсыздоодо диаспоралык уюмдар тарабынан көмөк көрсөтүлдү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Zhoro
2020-04-21 23:45:55
Ынаптыр а орустун попутный самалёту ыната албай калсанар Жанысибирдеги мекендештерибиз дагы умутун узбой жатмак, Кыргыз бийлиги биз учун атайын суйлошуулордун негизинде чартердик каттамда мекениме алып кетет деп...

0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан