Казакстанда 1-сентябрда мектеп окуучулары аралыктан окуп башташат

Коңшу Казакстанда коронавирус пандемиясына байланыштуу 1-сентябрдан тарта мектептерде окутуу дистанциялык негизде болот. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин 1-сентябрдан баштап аралыктан окутуу боюнча даярдыктарды көрүү тапшырмасын берген.

"Саламаттыкты сактоо министрлигинин сунушу менен санариптештирүү боюнча Билим берүү министрлигине жана акимиаттарга ушул жылдын 1-сентябрынан баштап жаңы окуу жылынын биринчи чейрегинде орто мектептерде аралыктан окутуу боюнча даярдык иштерин камсыздоону тапшырам", - деген Аскар Мамин.

Ошондой эле пандемияга байланыштуу аталган өлкөдө университеттер жана колледждер дагы жаңы окуу жылын дистанциялык негизде окуп башташат.

Акыркы маалыматтар боюнча, Казакстанда жалпы 63 миң 514 адамдан коронавирус аныкталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан