Дүйнөлүк окумуштуулар дүйнө калкынын 2100-жылга карата божомолун айтышкан. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, калктын өсүшүнүн эң жогорку чеги 2064-жылы болот. Анда дүйнө калкынын саны 9 миллиард 700 миллион адамга жетет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Ошол эле учурда 2100-жылы дүйнө жүзүндө жашоочулардын саны 8 миллиард 800 миллионго чейин төмөндөйт. Илимпоздордун айтымында, ушул мезгилге чейин төрөлгөндөрдүн санынын төмөндөшү байкалат. Бул контрацепциянын кеңири таралышы жана аялдардын билим деңгээлинин жогорулашы менен байланыштуу болот.
2100-жылга карата калкынын саны эң көп болгон беш мамлекеттин катарына Индия, Нигерия, Кытай, АКШ жана Пакистан кирет.
Мындан тышкары Япония, Таиланд, Италия жана Испанияны кошкондо 20дан ашуун өлкөдө калктын 50 пайыздан ашыгы 2100-жылга кыскарат. Кытайдын калкы дагы 48 пайызга чейин азаят.
Буга чейин, 10-июлга карата жер жүзүндөгү жашоочулардын саны 7 миллиард 809 миллиондон ашканы кабарланган.