COVID-19 пандемиясынан улам киргизилген карантинден улам дээрлик 4 ай жабык турган Диснейленд ишин жандантат. Бул тууралуу аталган оюн-зоок паркынын басма сөз кызматынын маалыматына таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Диснейленддин аймагына кирүү бардык санитардык талаптарды аткаруу менен ишке ашат. Анда бардык адамдар медициналык бет кап кийип, социалдык аралыкты сактап жана бат-баттан антисептикалык каражатты колдонуп туруусу зарыл. Ал эми парктын кызматкерлери Диснейленддин аймагын тартипке ылайык, тез-тез дезинфекциялоо иштерин үзгүлтүксүз аткарып турушмакчы.
"Диснейленддин ачылуусу бардык санитардык талаптарды аткаруу менен ишке ашып жатат. Биздин кызматкерлердин жана паркка кирген бардык адамдардын гигиеналык коопсуздугу көзөмөлгө алынат. Вирус дагы деле катталып жаткандыктан, лифтке бир үй-бүлө мүчөлөрүнүн гана кирүүсүнө уруксат", - деп билдиришкен аталган парктын администрациясынан.