Өзбекстандын Башкы прокуратурасы өлкөдө коррупция азайгандыгын жарыялады

Коңшу Өзбекстанда 2020-жылдын биринчи жарымында аткаминерлерге каршы козголгон кылмыш иштеринин саны 21 пайызга кыскарды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирүү тараткан.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 2020-жылдын ушул күнүнө чейин 459 кызмат адамы жоопко тартылган. Бул 2019-жылдын ушул мезгилине караганда 17 пайызга аз. Кармалган аткаминерлердин 4өө республикалык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлер, 13ү облустук, 442си райондук деңгээлдеги кызматкерлер.

Уурдоо жана ээлеп алуу фактысы менен 180 кызматкер, алдамчылык үчүн 92, пара алуу үчүн 57 адам кармалган жана 26 адам кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.

Аткаминерлердин бул аракеттеринен мамлекетке келтирилген зыян 172 миллиард 200 миллион сум (болжол менен 1 миллиард 319 миллион 540 миң сом) деп бааланууда. Ал эми 114 миллиард 200 милион сум чогултулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bekhaliev
2020-07-16 09:08:56
Башчысы кыйын,
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан