Түркияда коронавирусту жуктургандардын саны 215 миңден ашты

Түркия мамлекетинде акыркы бир сутка ичинде 947 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Мындай маалыматты Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа берген маалыматка таянуу менен жергиликтүү басылмалар жазышкан.

Анда айтылгандай, коронавирус өлкө аймагына киргенден бери жалпы 215 миң 940 адам бул вирусту жуктуруп алган. Тилекке каршы бир суткада 17 бейтап бул илдеттен каза болду. Муну менен илдеттен каза болгондордун жалпы саны 5 миң 419 адамды түздү. Ал эми бул илдеттен жалпысынан 197 миң 733 адам сакайып, ооруканалардан чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан