Коңшу Казакстанда акыркы бир суткада 1 миң 674 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Муну менен өлкөдө вирус жуктуруп алгандардын саны 65 миң 188 адамды түздү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан белгилүү болду.
Маалыматта айтылгандай, бул илдетти жеңгендердин саны 38 миңден ашты, ал эми каза болгондордун саны 396. Вирус жаңы аныкталган 1 миң 674 адамдын ичинен 811 адамда оорунун симптомдору анык болсо, калган 863 адам оорунун симптомдору жок алып жүрүүчүлөр болгон.
Бир сутка ичинде коронавирус аныкталгандар Алма-Ата шаары (219), Атырау облусу (218), Нур-Султан шаары (214).