Дүйнө жүзү боюнча вирус көп жуктурган мамлекеттердин ичинен экинчи орунда турган Бразилияда акыркы бир сутка ичинде 39 миң 924 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Муну менен өлкөдө вирус аныкталгандардын жалпы саны 1 миллион 966 миң 748 адамды түздү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги берген маалыматка таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта айтылгандай, өткөн суткада 1 миң 233 адам бул илдеттин кесепетинен каза болгон. Бул көрсөткүч менен Бразилияда коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 75 миң 366 адамды түздү. Ал эми бул илдетти жеңип чыккандардын саны 1 миллион 200 миңден ашуун.
Бразилияда коронавирус инфекциясы алгачкы жолу 26-февралда катталган. Бүгүнкү күндө вирус эң көп жайылган өлкөлөрдүн ичинен АКШдан кийинки 2-орунда турат.
Буга чейин Бразилиянын президенти Жаир Болсонару да коронавирус жуктуруп алганы маалымдалган болчу.