"Тестирлөөдөн көп балл алуу аймактан же шаардан эмес, окуучунун өзүнөн көз каранды". ЖРТдан өлкө боюнча эң жогорку балл алган Акмарал Нурбек кызы менен маек

Бүтүрүүчүлөрдү ары толкундаткан, ары кубантып, сарсанаага салган Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыгып, ар бир бүтүрүүчү сертификаттарын колуна алган учуру.

Талыкпаган эмгек менен мыкты даярдыктын артында алыскы аймактагы орто мектепте окуп, "Алтын сертификат" жана өлкө боюнча эң жогорку балл алса болорун Акмарал Нурбек кызы далилдеди. Ал ЖРТдан өлкө боюнча эң жогорку 229 балл алып, "Алтын сертификатка" ээ болгон. SUPER.KG порталы Акмарал Нурбек кызы менен маек курду.

- Акмарал саламатсызбы, ийгилигиңиз менен куттуктайбыз! Алгач эле өзүңүз тууралуу маалыматтарга орун берсек.

- Чоң рахмат! Аты-жөнүм Акмарал Нурбек кызы, 2003-жылы 27-октябрда Алай районунун Кабылан-Көл айылында төрөлгөнмүн. №25 Эшкул Мурзаев атындагы орто мектепти аяктадым. Ата-энем - мугалимдер. Апам кыргыз тили жана адабияты сабагынан, атам музыкадан сабак беришет. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчисимин.

Өзүм жашым 6га толо электе мектепке барганыма карабастан, сабактарды жакшы окудум. 5-класстан баштап комуз ийримине катышып, райондук кароо-сынактарда алдыңкы орундарды алып жүрдүм. 9-классты артыкчылык күбөлүгү менен бүтүргөм. Мектепте математика, химия сабактарынан райондук, облустук сынактарга катышып, алдыңкы орундарга жетишип келгем. Андан сырткары республикалык олимпиадаларга да катышкам. Биздин мектеп райондо алдыңкы мектептердин катарын толуктайт.

- Жалпы республикалык тестирлөөгө канча убакыт даярдандыңыз?

- ЖРТга негизинен бир жыл даярдандым. 10-классты аяктаган соң эле тестке даярдануу тууралуу ойлоно баштагам. Бирок абдан катуу даярданган эмесмин, үстүртөн эле карап, тесттерди иштеп жүргөм. 2020-жылдын январь айынан баштап катуу даярданып баштадым. Январда Ош шаарындагы "Рекорд" аналитикалык билим берүү уюмунда 2 ай VIP группада окудум. Ошол жерден көп жакшы нерселерди үйрөндүм. Андан кийин карантин учурунда дагы онлайн курс окудум. Ошол окугандардын пайдасы тийди. Мындан сырткары ЖРТга арналган көптөгөн китептерди сатып алып, даярдандым.

Ата-энем дагы ЖРТга даярданууга жакшы шарт түзүп беришти. Ошол эмгегимдин үзүрү кайтты деп ойлойм.

- Тестке даярданууда эмнеге өзгөчө басым жасадыңыз?

- Мен тестке даярданып жатканда өзгөчө кыргыз тилинин грамматикасына көп көңүл бургам. Кыргыз тили боюнча көп китептерди карап чыктым. Өзүм математикага кызыккандыктан кошумча математикадан алган баллым 120 болуптур. Мындай алам деп күткөн эмесмин. Мен үчүн чоң сүйүнүч болду.

- Келечекте кайсы кесипти аркалайын деп турасыз жана кайсы университетке тапшырууну пландап жатасыз?

- Келечекте экономика тармагында эмгектенгим келет. Ушул кесипке аябай кызыгам. Бирок азырынча университетти тандай элекмин, караштырып жатам. Негизи көңүлүмдө үч университет бар. Алар Борбордук Азиядагы Америка университети, Кыргыз-Түрк "Манас" университети жана Эл аралык Ататүрк- Ала-Тоо университети. Ушул үч окуу жайдын бирине тапшырам деп ниет кылып жатам.

- Мектепте өзгөчө кайсы сабактарды кызыгып окудуңуз?

- Мектепте кичинекей кезимден эле математика сабагына кызыгып келгенмин. Бул сабакты аябай кызыгып окуйм. Андан сырткары химия, физика сабактарына дагы кызыгам.

- Жогорку балл алганыңызга мугалимдердин салымы эбегейсиз чоң деп билебиз. Мугалимдериңиз тууралуу айтып берсеңиз.

- Албетте, ЖРТдан эң жогорку балл алышыма менин мугалимдеримин салымы чоң. Мугалимсиз биз эч ким эмеспиз. Менин ийгиликке жетишиме көптөгөн мугалимдер себепчи. Алардын аттарын айта кетсем Назгүл Сагынбаева, Аксана Каримбаева, Гүлжан Садыкова, Малида Калбекова, мектеп директору Зина Абдыкадырова эжекелерибиз билим берип, мени ар тараптан колдоп келишти. Андан сырткары класс жетекчим, кыргыз тили мугалимим жана апам Динара Алтымышованын менин "Алтын сертификат" алышымдагы орду өтө чоң. Мугалимдеримдин артынан ушундай жакшы жыйынтык көргөздүм деп айта алам. Бардык мугалимдериме ыраазычылык билдирем.

- Алыскы аймакта орто мектепте окуп, ЖРТдан өлкө боюнча биринчи орунду алуу оңой болбосо керек...

- Тестирлөөдөн көп балл алуу аймактан же шаардан эмес, окуучунун өзүнөн көз каранды деп ойлойм. Мен өзүмдүн "Алтын сертификат" аларыма ишенгем. Бирок ЖРТ боюнча өлкөдө эң алдыңкы балл алам деп күткөн эмесмин. Бул мен үчүн өтө сүйүнүчтүү кабар болду. Мен бул нерсе менен алыскы аймак болобу, кандай жерде болсо дагы: орто мектептеби, гимназиядабы, лицейдеби окуучу аракет кылып, "Алтын сертификат" аларын далилдей алдым.

- Кийинки жылы мектепти аяктай турган бүтүрүүчүлөргө кандай кеңеш бересиз?

- Кийинки мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кеңеш ЖРТга даярданууну өтө эрте дагы, өтө кеч дагы баштабагыла. Окуу жылы башталгандан тарта эле аракет кылып, изилдегиле, ЖРТ боюнча маалыматыңар көп болушу керек. Системдүү план менен даярдангыла. Окуганда дагы жөн эле окуй бербестен, ошол нерсени түшүнүп, өзүнө пайда алып окуш керек.

ЖРТ өзү өтө деле кыйын эмес, жөн гана логиканы талап кылган тест. Болгону темаларды жакшы түшүнүп, логиканы өздөштүрүш керек. Ал үчүн кроссворд чечип, китепти көп окугула. Көп окуучулар математикадан кыйналабыз дешет. Бирок ал андай деле кыйын эмес. Математикага кызыгып, жакшы көрсөң, математика дагы сени жакшы көрөт. Кийинки жылы ЖРТ тапшыра тургандарга ийгилик.

- Алдыга койгон максаттарыңызга жетиңиз, сизге ийгиликтерди каалайбыз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
filis
2020-07-16 15:28:14
Азаматсын. Билимдуу болгон жакшы.
+14
Arstan18.18
2020-07-16 15:53:56
Кандай жакшы билимдуу жаштарыбыз кобоеберсин,сага ийгилик каалайм бул башталышы болуп Кыргызстан учун чон бийиктерди багындыр!
+13
Aia1219
2020-07-16 16:15:01
Азаматсын алтын кыз Кыргыз элинин керегине жараган кыз бол келечегин кен болсун.
+10
Glucke
2020-07-16 16:17:08
Аябай жакшы, убагында биздин мугалимдер акча менен математика/кыргыз тилинен кошумча сабак беримиш болуп жатып эле тарбиялык саат отуп салышчу.Кайран акчалар, убакыт ЖРТга даярданам деген.))
+7
Shorobashat
2020-07-16 16:45:23
Азаматсын карындаш. Ийгилик сага
+8
Baktyluumun98
2020-07-16 18:22:23
Азамат!!! Ата-энендин сыймыгы бол. Алайдан Ханыша чыккан. Кыргыздын желегин желбиреткен, Алайдын атын чыгарган Датка бол.
+9
Adil18
2020-07-16 19:56:41
Келечегин кен болсун карындашым.Республика боюнча биринчи орунду алышын менен чын журоктон куттуктайм.
Барга коппой,жокко чокпой ар убак бир калыпта журо беришине тилектешмин.


+7
Timurlan2017
2020-07-17 11:25:58
Молодец карындашым, сага ийгилик. Менин кызым да келечекте, куда кааласа эн жогорку балл алат деп тилеймин. Баланын ийгилиги ата-энеге чон сыймык.
+1
rola
2020-07-18 21:28:17
Азаматсын.Сени тарбиялап билимин аябаган ата-энене чоон рахмат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан