Белгилүү америкалык ишкер, ойлоп табуучу, инженер жана миллиардер Илон Маск дүйнөдөгү эң бай 10 адамдын катарына кирди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар Forbes журналынын жыйынтыгына таянып, жазып чыгышты.
Анын байлыгы 70,8 миллиард доллар деп бааланууда. Масктын материалдык жактан өсүшү "Tesla" компаниясынын акцияларынын кескин түрдө кымбаттаганына байланыштуу болгон.
Учурда Маск планета боюнча эң бай адамдардын 8-сабында турат. Алгачкы үчтүккө Amazon интернет компаниясынын түзүүчүсү Жефф Безос, люкс буюмдарды өндүрүүчү көп улуттуу франциялык Луи Виттон жана бизнесмен-миллиардер Бернар Арно ошондой эле Билл Гейтс кирет.