Эсеналы Ормоналиев Аксы районунун акими болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 89-беренесинин 7-пунктуна ылайык, Ормоналиев Эсеналы Касымалиевич Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалымат кызматынан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын премьер-министри Кубатбек Боронов кол койду.

Буга чейин Аксы районунун акими Досбаев Ыманберди Райымбердиевич болгон. Ал башка жумушка которулгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан