Түркмөнстанда бет кап тагуу милдеттендирилди

Түркмөнстанда жугуштуу оорулардын жайылуусунун алдын алуу максатында, "бет кап тагуу" режими киргизилди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Ага ылайык, мындан ары аталган өлкөдөгү коомдук жайларда коргоочу бет каптарды тагуу милдетүү болуп саналат.

Ошондой эле унаанын түрүнө (жеке, коомдук), жүргүнчүлөрдүн санына карабастан, бардык транспорттун айдоочуларына бет кап тагып жүрүү милдеттендирилди. Базарлар жана ири соода борборлору жабылууда. Өлкө бийлиги жашы өтүп калган адамдарды сыртка чыкпоого чакырды.

Мындан сырткары 15-июлдан тарта Ашхабад менен башка региондордогу байланышты азайтуу максатында айрым автобустук каттамдар токтотулду.

Белгилей кетсек, расмий маалыматтар боюнча, Түркмөнстанда COVID-19дун бир дагы учуру катталган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан