Түштүк Кореянын президенти Мун Чже Ин парламент имаратынан чыгып бара жатканда, ага эркек адам бут кийимин ыргытты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 16-июлда болгон. Анда Чон аттуу эркек киши кийип жүргөн бут кийимин президентке ыргыткан. Анын бут кийими президентке тийген эмес. Полиция кызматкерлери ошол замат Чонду кармап кетишкен.
"Мен президентке бут кийимимди ыргыттым. Аны биз жек көрөрүбүздү түшүнсүн дедим", - деген Чон.
Анын президентке карата жасаган мындай мамилесинин себептери айтылган эмес.