Учурда Африка чөлкөмүндөгү Конго Демократиялык Республикасынын Экватордук провинциясында эбола эпидемиясы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун тынчсыздануусун жаратууда. Анткени бул ооруну алдын алуу үчүн каражат жетишсиз. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Африкадагы регионалдык кеңсесинин билдирүүсүндө ушул кезге чейин аймакта 56 инфекция катталган, алардын 53ү тастыкталды. Оору буга чейин тогуз районго жайылып кеткен.
Уюмдун Африка боюнча регионалдык директору Матсушидо Моэти бул ооруну COVID-19 пандемиясынын контекстинде токтотуу керектигин кошумчалап, оорунун учурлары алыскы аймактарга, анын ичинде тропикалык токойлорго чейин жеткенин жана бул ооруну каржылоо үчүн программалардын баасы жогорулап кетерин айткан.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, Конгодогы эбола оорусуна каршы күрөшүү программасы 1 миллион 750 миң доллар чогулткан. Бул сумма бир нече аптага гана жетет.