Бүгүн, 22-июлга карата дагы 1 миң 108 адам коронавирус инфекциясы жана пневмония менен жабыркап жатканы тастыкталды. Муну менен республика боюнча аталган илдетке кабылгандардын жалпы саны 29 миң 359 болуп калды. Маалымат Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова тарабынан белгилүү болду.
Бишкек шаары – 234;
Ош шаары – 112;
Чүй облусу – 176;
Ош облусу – 110;
Талас облусу – 61;
Нарын облусу – 35;
Ысык-Көл облусу – 229;
Жалал-Абад облусу – 93;
Баткен облусу – 58.
Бүгүнкү күндө стационарларда 12 миң 563 бейтап жатат. Анын ичинен 6 миң 325 бейтап пневмониядан, 6 миң 238и коронавирус инфекциясынан дарыланууда.