Коңшу Өзбекстанда коронавирус менен ооругандардын саны 15 миңден ашты

Коңшу Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 15 миңден ашты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги берген маалыматка таянуу менен жергиликтүү басылмалар жазышкан.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-июль саат 10:00гө карата коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 15 миң 349 адамды түздү. Акыркы бир сутка ичинде 562 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталган. Рекорддук көрсөткүч 14-июлда катталган, анда 689 адамдан вирус аныкталган. Өткөн суткада 4 бейтап бул илдеттен каза болуп, 128 бейтап ооруканадан сакайып чыкты.

Жалпысынан бул өлкөдө 8 миң 783 бейтап бул илдетти жеңип чыкты. Каза болгондордун жалпы саны 76 адамды түздү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Moskva93
2020-07-17 13:12:14
Өзбекстан га Кыргызстанды адамдын саны менен салыштырганда бизде өтө эле көп оругандар
Бизде адамдын саны 6 миллиондон ашат
Өзбекстан да адамдын 38 миллиондон ашат
+1
AdylbekB84
2020-07-17 14:09:14
Moskva93, 38 миллион эмес 33 миллион 2018 -жылдагы статистика боюунча, андан бери эл каттоо жүрө элек!
-4
AdylbekB84
2020-07-17 14:05:14
Өзбекстан көпчүлүгүн жашырып жатат экен, больницаларда орун калбай ооруп өлгөндөргө коронавирус деген диагноз коюулбайт экен, мамлекеттик ишканада иштесе ага компенсация төлөбөштүн айласы дейт! Ташкентте бирөө коронавирус менен өлдү тууганым деп кайрылса, справка бергиле деп андай болсо өлүктү жарышка туура келет дегенинен, справка дагы албай алып кетиптир өлүгүн!
0
ZUXRIDDIN20
2020-07-17 14:34:30
AdylbekB84,Өзбекстанда жашап мен билбеген сиз каяктан угуп алдыңыз
-1
assanov97
2020-07-17 14:39:08
ZUXRIDDIN20, бийликтин тррлу урдуруп жатат
-4
AdylbekB84
2020-07-17 15:05:26
assanov97, Бийликтин троллу болгудай бийлик мага үйүмдү салып, тамак ашымды сатып берип жатабы? Балдарыма даже пособия алалбай жүрөм, үмүтүмда үзүлгөн! Просто мен Кыргызстан үчүн күйөм жанымды берем, бизде кээ бир мамлекеттерге караганда эркиндик, сөз эркиндиги бар, болгонун болгондой айткан учурлар көп ошол эле!
-1
AdylbekB84
2020-07-17 15:00:09
ZUXRIDDIN20, Өзбекстандын 24 жаңылыктарын эмес би-биси өзбек кызматы, озодлик өзбек кызматы деген бар ошого чыгып жатат, тайкемдер дагы айтып жатат Ташкентте жашайт!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан