АКШнын Мичиган штатында мектеп окуучусу жашы жете электердин түрмөсүнө үй тапшырмасын аткарбай, сыноо шарттарын бузгандыгы үчүн камакка алынды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, 2019-жылы Грейс аттуу 15 жаштагы кыз энесине кол көтөргөн жана ууру кылган деп айыпталган. Полициянын маалыматы боюнча, апасы Грейсти досунун үйүнө жибербей койгондугу үчүн апасынын манжаларын тиштеп, чачын жулуп алган.
Кийинчерээк ага сыноо мөөнөтү берилген жана анын шарттарынын бири үй тапшырмаларын аткаруу болчу.
Грейс ага эч ким көңүл бурбай жатканы жана коронавирус пандемиясынын улам аралыктан окуп калганы депрессияга туш кылганын айткан. Кийинчерээк аталган аймактын башчысы сот менен сүйлөшкөнүн, бул иш кайра караларын айткан.