Саламаттыкты сактоо министрлиги 13 "Тез жардам" унаасын сатып алды

Саламаттыкты сактоо министрлиги дүйнөлүк банктын долбоору боюнча 13 "Тез жардам" унаасын алды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

"Өлкөнүн аймактары үчүн атайын дизель майы керектелүүчү 4WD Соболь унаалары алынды. Унаанын ичинде дем алдыруучу системдер, кычкылтек баллондору жана бардык жарандарга ыкчам медициналык жардам көрсөтүү үчүн муктаж болгон жабдуулар орнотулган. Бир унаанын баасы болжол менен алганда 49 миң долларга айланган. Экинчи класстагы 3 даана реанимобилге кубаттоочу шаймандары менен жасалма дем алдыруучу аппараттары орнотулган", - деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлигинин программаларды ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы Медербек Исмаилов.

Анын айтымында, "Тез жардам" унааларын сатып алуу үчүн тендер өткөрүлүп, ага жалпысынан 4 компания катышкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистеринин макулдугунан өткөн соң "Тез жардам" унаалары Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүп берилген. Ошондой эле Исмаилов унаалардын баасына токтолуп, сапаты баасына төп келерин кошумчалады. Аталган "Тез жардам" унааларынын комплектациясы жөнөкөй унаалардыкына салыштырмалуу башкача болуп, анын ичиндеги медициналык жабдуулар менен каражаттарды эске алганда баасына туура келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
aslonur
2020-07-17 16:55:33
Газельге кымбаттык кылбайбы? Кече эле тойотаны 50миңден алдыңарго
+5
CHingiz90
2020-07-17 17:12:07
Эх ш.. болгур а...р 25 миңдик машинаны эмнеге 49 миңге кайда 24$миң
+6
TalaCSKA
2020-07-17 17:29:38
Ата Мекен кыйын кырдалда ушундай эки эсе кымбат сатып алганынар бул Ата Мекенге карата чыккынчылык деп баалаш керек!!!бет жоктор жан дуйнонор чирип калган экен!!! Даже наристе балдар ойунчук алам деген акчасын жардамга берип жатышат а силерчи чыккынчылык кылып жатасынар!!! жакшылык корбогуло!!!
+9
expert.007
2020-07-17 17:34:18
Дагы канчадан жедиңер ар биринен
+4
satyke
2020-07-17 17:45:51
Жаны ФОРД маркасындагы реанимомобиль( именно реанимомобиль жонокой тез жардам машинасы эмес) 42 000 доллар турат экен. Эми 13 даананы бир алганда арзанырак алса болсо керек эле.
+3
Baatirbek81
2020-07-17 17:57:06
П....з
+3
zhigitaly
2020-07-17 18:46:41
А болжолдобой так айтканда канчадан келди? Так айткыла да
+3
Dani
2020-07-17 20:57:56
Атайын карап чыктым рубльга 1114000 мин экен,долларга 16.17 мин болот,мед жабдыгы канча.... ошондо деле ото кымбат
+1
azizaziz
2020-07-17 21:51:01
Бул алынган газель унаалар Москвада 500миңден башталат экен, жаңы 2020 жылы чыгарылгандары 1200000 рубль, ошондо курс 80 болсо 15миң доллар болуп атпайбы, 49 миң долларга сүйлөшүү жолу менен 4 унаа алса болот ичинде полный комплект медициналык оборудованиясы менен.
+1
bond02
2020-07-17 22:09:30
Эмнеге эле орустун машиналарына жабышат биздикилер.
+2
bekhaliev
2020-07-17 23:53:05
Германиядан жаны улгудогу спринтер дельфин унасы7000 8000 $келет ичини мед апаратар менен толтурса груба 10000$ кетсин ошондода 20мин долларга тушот экееееен
+2
sirenaaaaa
2020-07-18 04:14:56
Уят, уят. Ушул тендер деп коюп эле акча жей беришет экен. Бизден да бироо машина алды. Восток электр ишканасынан тендер утуп алгам деп. Бизге 7500берди. Эми аларга канча кошуп сатты айткан жок. Ушуга окшогон жон эле ортодо адамдар деп олтуруп эле , мамлекеттин акчасын самандай сапырышат экен да. Бели оорубагандар
+2
Shorobashat
2020-07-18 16:48:25
Каап качан оңолоор экенбиз
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан