Бишкекте акча алмаштыруучу жайдан карактоо жолу менен акча алып качкан жаран кармалды. Октябрь РИИБинин маалыматына ылайык, окуя 11-июлда орун алган.
"Нөөмөт бөлүмгө Байтик-Баатыр көчөсүндөгү акча алмаштыруучу жайлардын бирине белгисиз адам кирип, карактоо кылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге Октябрь РИИБинин ыкчам тергөө тобу барып, белгисиз жаран акча алмаштыруучу жайдын кызматкерине карата электрошокер колдонуу менен 10 миң 500 доллар каражатты алып кеткени аныкталган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене ("каракчылык") менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.
Ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында кылмышка шектүү делинип 1993-жылы туулган М.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Шектүү делинген жаран күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, ыктыярдуу түрдө 92 миң сом, 33 миң 700 рубль, 100 евро жана 307 доллар каражатын кайтарып берген. Калган акчаны ал жеке муктаждыктарына жумшаганын айткан.
Учурда тергөө амалдары улантылууда", - дешти маалымат кызматынан.