Бүгүнкү күнгө чейин коронавирус инфекциясы менен ооругандар жок делинген Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов бет кап тагынды. Анын себеби - чаңдан коргонуу экенин жазышат чет элдик басылмалар.
Анда ушул аптада президент Гурбангулы Бердымухамедов балык уулоого чыгып, биринчи жолу маска кийгени айтылат. Маалымат каражаттары белгилегендей, президент өзүн "вирустун чаңынан" коргоо үчүн бет кап кийген.
"Балык уулоодон кийин президент балдар үйүнө барып, балыкты аталган жайдын тарбиялануучуларына берген. Анда балдар дагы маска кийип жүрүшкөн. Түркмөнстанда бет кап кийүү жана социалдык аралыкты сактоо эрежелери узап бараткан аптада күчүнө кирип, ресторандар, кафелер жана базарлар жабылсын деген тапшырма коюлган", - деп кабарланат.
Түркмөнстан алдын алуу чараларын көргөндүктөн коронавирус инфекциясы менен ооругандар жок деп ырастап келет.