Ош шаарында өзгөчө абал режиминде иштеп жаткан дарыгерлерге жарандар өз чөнтөгүнөн каражат топтоп, коргоочу кийимдерди алып беришти. Азыркы тапта кийимдер дарыгерлерге тапшырылды. Бул тууралуу жарандык активист Акбалык Жумалиева билдирди. Айтымында, жардам бергендердин арасында алыскы Орусиядан акча жибергендер бар.
"Коргоочу кийимдерибиз дарыгерлерибизге жетти. Атайын кийимдер облустук ооруканага берилип, дарыгерлер эртең нөөмөт алмашат экен. Жаңы нөөмөткө кире турган дарыгерлер жаңы коргоочу кийимдерди кийип, жумушуна кире турган болушту.
Жалпы коргоочу кийим алып берүүгө 19 жаран катышып, 30 даана кийим алынды. Дарыгерлерге алкышыбыз чексиз, аларга ден соолук каалайбыз", - деди Жумалиева.