Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоону уюштуруу жана даярдоо боюнча чыгымдардын сметасын бекитти. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматта эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу БШК иш-чаралар процессин уюштуруу үчүн өтө зарыл болгон чыгымдардын сметасын майда-чүйдөсүнө чейин түзүп чыкканы айтылат.
Ага ылайык сметага төмөндөгүлөр кирген:
- 2462 шайлоо участокторунун ачылышы. Анын ичинен чет өлкөлөрдө жашаган же жүргөн Кыргыз жарандары үчүн 42 шайлоо участогун ачуу;
- шайлоо участокторунун комиссияларындагы мүчөлөрүнө жана территориялык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө (финансылык кызматкерлер) төлөнүп берилүүчү сый акы; (2017-жылдан тарта территориялык шайлоо комиссияларынын жана участоктордогу шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү шайлоону өткөрүү жана даярдык көрүү мезгилинде айына 2000-3000 сомдон сый акы алышат)
- Шайлоочулардын санына жараша эсептөөлөр; 2020-жылдын 16-июлуна карата алдын ала тизме боюнча өлкөдө 3 429 043 шайлоочу катталган, бул 2015-жылы болгон парламенттик шайлоодогу шайлоочуларга караганда 667 миң 746 адамга көп (ишке тартыла турган кызматкерлердин саны шайлоочулардын санына жараша эсептелет. 600 шайлоочуга бир оператор).
- Добуш бере турган күнү жана анын алдыңкы күнү БШКнын күнү-түнү иштей тургандыгына байланыштуу ТШК жана УШК мүчөлөрүнө, ишке тартылган идентификация операторлоруна (1846 адам), коопсуздукту жана тартипти камсыздоочу ИИМдин кызматкерлеринин (4680 адам) тамак-ашына бир күндө 500 сомдон бөлүнөт.
2020-жылдын республикалык бюджети жөнүндөгү мыйзамы менен 2020-жылдагы жалпы шайлоолорду өткөрүүгө пландуу чыгымдар 732 миллион сом суммасында бөлүнгөн.
Борбордук шайлоо комиссиясы сарамжалдоонун аркасы менен суммасы 446 миллион 900 миң сом болгон сметаны бекиткени маалымдалат.