Саясатчы Камчыбек Ташиевдин оорудан кийинки сүрөттөрү социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде экс-депутат азыр алсыз болуп турганына карабай, абалы бир топ жакшы болуп калганын айтып берген. "Мен 3 күн бою ооруканадан орун болбой, дарыланууга жата албай жүрдүм. Улуттук госпиталга барып, эшигин чынжырлап байлап алганын көрдүм. Келинчегим экөөбүз болчубуз. Алдында ызы-чуу болуп жатты. "Мени кабыл алгыла" дегим келген жок. Анан үйүмө кетип калдым. Эртеси Гансиге бардым, шарты жакшы эмес экен. Ушинтип отуруп 4-5 күндү жоготуп койдум. Ошонун азабынан катуу кыйналып калдым. Ооругандарга айтарым болушунча эрте ооруканага жатууга аракет кылуу керек экен", - деген Ташиев.
4-июлда саясатчы жана анын жубайы пневмония илдетине чалдыкканы тууралуу маалымат тараган. Кийин анын абалы оорлошуп кеткени айтылып, 9-июлда илдеттен айыгып, ооруканадан чыкканын билдирген.