Казакстанда коронавирус менен ооругандар 5 миңге чукулдап, 31 жаран каза болду

Коңшу Казакстанда 8-май саат 15:00гө карата коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 4 миң 753кө жетти. Анын ичинен 1 миң 582 бейтап илдеттен арылса, 31 жаран каза болду.

"Каза болгон 31-бейтап 57 жашта болгон. Андан 23-апрелде коронавирус аныкталып, инфекциялык ооруканага жаткырылган. Ал стационарга жатканда курч бронхит жана коронавирус диагнозу коюлган. Мындан тышкары бейтап кант диабети менен жабыркап келгени маалым болгон. Анын абалы 26-апрелде оорлошуп, жандандыруу бөлүмүндө жаткан. Бул учурда анын абалы оорлошуп, дем алуу жетишсиздиги күчөп каза болгон", - деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан