Казакстандын Алматы шаарында полиция кызматкери бачабазды кармоо үчүн 13-кабаттан секирип түшкөн. Бактыга жараша алар аман калганын казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, 31 жаштагы жаран жашы жете элек балдарды тоноо жана зордуктоо боюнча шектелип издөөгө алынган.
11-июлда белгисиз адам төрт жаштагы бала жана анын 15 жаштагы эжеси жашаган үйгө кирип, 17 миң долларды уурдап, кызды зордуктаган. Бул тууралуу укук коргоочуларга билдирүү келип түшкөндөн кийин шектүүнүн кайда жашынып жүргөнүн аныкташкан. Милициянын майору Бакытжан Бакиров шектүүнүн үйүнө сантехник катары барган.
"Издөөдө жүргөн адамдын үйүнө барганда ал качууга аракет кылып, ачык терезеден секирип түштү. Мен анын артынан секирдим", - деген Бакиров.
Шектүү менен кызматкер 2 кабат ылдыйдагы аянтчага кулап түшкөн. Тиешелүү кызмат келгенче милиция шектүүнү кармап турган. Шектүү жаранга карата 2 берененин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат деп айтылат маалыматта.