Бүгүн, 20-июлда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум уланмак. Бирок ал айыпталуучулардын алып келинбегенине байланыштуу жылдырылды. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.
Жактоочунун айтымында, айыпталуучулардын процесске катыша албаганы белгилүү болуп турса дагы, сот отурумдары белгиленип жатканына түшүнбөгөнүн айтты.
"Бүгүнкү процесс дагы жылдырылды. Айыпталуучуларды СИЗОдон алып чыкпагандыктан соттук териштирүү 22-июль саат 10:00гө белгиленди", - дейт жактоочу.