Ысык-Көл облусундагы Х.Карасаев атындагы лицейдин окуучулары химия сабагы боюнча эл аралык Менделеев олимпиадасында ийгиликтерге жетишип, медаль тагынышты. Алардын бири 10-класстын окуучусу Нурсултан Соодонбеков. Ал Менделеев олимпиадасында экинчи орунду ээледи. Бул жетишкендик жеке өзү үчүн гана эмес, бүтүндөй өлкө үчүн чоң жеңиш болду - бул республикадагы акыркы 10 жылдагы биринчи күмүш медалы!
Медалга ээ болгон Нурсултан Соодонбеков химия сабагын 7-класста эле тандап алган. Анын химияга болгон каалоосу улуу агасынын көптөгөн олимпиада катышуучусу болгону менен байланыштуу.
Нурсултан Соодонбеков Санкт-Петербургда жана Парижде өткөн эл аралык олимпиадалардын катышуучусу, бир нече дипломдун ээси. Химиялык инженерия жаатындагы болочок гений окуткан мугалимдерине, ата-энесине жана жакындарына ишеним артканы үчүн ыраазычылык билдирет.
Ал эми коло медалдын жеңүүчүсү Камил Кубанычбек дагы өзүнүн мугалимдерине Сарвар Хайдаров жана Олимпиадалык маселелерди так чечүүнү үйрөткөн Мунар Айтиевге ыраазычылыгын билдирет.
"Байгелүү орунга жетүүнүн сыры жок, сен жөн гана химияны жакшы көрүшүң керек", дейт ал. Анын ою боюнча, ар бир окуучу эл аралык олимпиадага катышып, медаль тагына алат, болгону ички шыктандырууну күчөтүү керек.
Эске салсак, быйыл Олимпиада Венгриянын Будапешт шаарында өтүшү керек болчу. Бирок белгилүү себептерден улам, аны онлайн форматында өткөрүү чечими кабыл алынган.
Эл аралык Менделеев олимпиадасы КМШ өлкөлөрүнүн, Балтия жана Түштүк-Чыгыш Европанын бир катар өлкөнүн мектеп окуучулары арасында жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан химия сабагы боюнча бул жолку сынак Бүткүл Союздук химия олимпиадасынын уландысы. Олимпиада орус химиги Д.И.Менделеевдин урматына аталып, эл аралык конкурс статусуна ээ.