Бүгүн, 20-июлда Бишкек шаарындагы Ак-Өргө жаңы конушундагы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн өрт чыккандыгы маалымдалган. Өрттү өчүрүүгө келген ӨКМнын унаасы кошо өрттөнүп жаткандагы видео социалдык тармактарга тарады.
Бул окуя боюнча ӨКМга байланышканыбызда маалымат такталып жатканын айтышты.
Өрттү өчүрүүгө үч бөлүм тартылган.