Бүгүн, 20-июлда Бишкек шаарындагы Ак-Өргө жаңы конушундагы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн өрт чыккандыгы маалымдалган. Өрттү өчүрүүгө келген ӨКМнын унаасы кошо өрттөнүп, андан бир өрт өчүрүүчү жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ак-Өргө жаңы конушунда курулуп жаткан көп кабаттуу имараттан чыккан өрттү өчүрүү учурунда күйүп жаткан тактай өрт өчүрүүчү унаанын үстүнө кулап, натыйжада унаа жарым-жартылай өрттөнүп, оңдоп-түзөөгө муктаж болуп калды. Андан өрт өчүрүүчүлөрдүн бири жаракат алды жана абалы канааттандырарлык. Саат 15:43тө өрт чектөөгө алынды жана өрттү толугу менен өчүрүү иштери улантылууда", - деп жазылган билдирүүдө.