Эт адамдын өмүрүн кыскартабы? Окумуштуулардын изилдөөсү

Эт азыктарын колдонуу адам өмүрүн кыскартат. Мындай жыйынтыкка окумуштуулар 16 жылдык изилдөөдөн кийин келишкен. Алардын изилдөөсү "JAMA Internal Medicine" журналына жарыяланган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышкан.

Маалыматка ылайык, АКШнын Улуттук онкология институтунун окумуштуулары дээрлик 16 жылга созулган изилдөө жүргүзүшкөн. Изилдөөгө 50 жаштан 71 жашка чейинки 416 миң 104 адам катышкан. 179 миң 68 аял жана 237 миң 30 эркек киши 1995-жылдан 2011-жылга чейин күнүмдүк рационунда колдонгон азык-түлүктөрүнүн тизмесин окумуштууларга берип турушкан. Катышуучулардын жарымы чоң шаарларда жашаса, жарымы айыл жергесинде жашашкан.

Бул узакка созулган изилдөөнүн натыйжасында, эт азыктарын күнүмдүк рационунда көп колдонгон адамдардын ичинен каза болгондордун саны 5 пайызга көп болгон. Ал эми эт азыктарын колдонбогон адамдарда жүрөк-кан тамыр оорусу бар болгон учурда да каза болгондордун саны 11-12 пайызга төмөн болгону байкалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
mariolan
2020-07-21 13:23:47
нарынга келип жашап корушсун эт жебей
+6
Nursul
2020-07-21 13:53:31
Жөн эле азыркы медицинанын ойлоп тапканы ушул илгери ата бабаларыбыз эт менен эле оорубай эле балбан батырлар чыккан казы карта жылкынын этин жеп эле оорубай эле жүрүшкөн
+6
modem4999
2020-07-21 17:03:30
Кайран 16 жылынарды ушуга короттунарбы
+6
Jelezo
2020-07-21 21:24:26
Эт,чучук жеп эле жездем 94 жашка чыкты азыр деле өзү басып анча мынча жөн отурбай үй тиричилигине жардам берип жиберет.көңүлгө эмне жакса ошону жеп ичиш керек андай мындай деп башты орутбагыла.
+5
Baatirbek81
2020-07-21 21:55:05
Кыргыз эт жебесе кыргыз болбой калбайбы!
Этсиз туралбайбызго
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан