Египетте каза болду делинип сөөгү жерге берилген жаран төрт айдан кийин мүрзөдөн тирүү табылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Ага ылайык, Мохаммед Эль-Гаммал аттуу жаран январь айында дайынсыз жоголгон. Психикалык жактан жабыркаганын айтышкан туугандары март айында аны таап берүү үчүн полициянын жардамына кайрылышкан. Бир нече күн өткөндөн кийин туугандарына полиция кызматкерлери телефон чалып, жансыз дене табылганын, ал жоголуп кеткен жаранга окшош экендигин айтышкан.
Аны туугандары да Мохаммед деп таанышкан. Адистер денеден ДНК үлгүсүн алып, экспертизага жиберишкен. Туугандары ДНКнын жыйынтыгын күтпөй эле жансыз денени жерге беришкен.
Июль айында жергиликтүү тургундар мүрзөдө адашып жүргөн адамды байкап, полиция кызматына кайрылышкан. Алар адашып жүргөн адам тууралуу тактоо иштерин жүргүзгөн. Жыйынтыгында каза болуп жерге берилди делинген Мохаммеддин тирүү экенин аныкташкан. Ал жарым жыл өткөн соң табылып, өз туугандарына жеткирилген жана алты ай бою анын кайда жүргөндүгү белгисиз бойдон калган.