Ирландиялык жаран "EuroMillions" лотереясынан 49 миллиондон ашуун евро утуп алды. Бул жөнүндө дүйнөлүк басылмалар жазышууда.
Андагы маалыматка ылайык, Ирландиянын жашоочусу лотереядан 49 миллион 564 миң 586 евро утуп алган. Бул Ирландиядагы лотереядан эң көп сумманы утуп алган 6-адам болуп саналат.
Азыркы учурда жеңүүчүнүн аты белгисиз. Лотереянын эрежеси боюнча жеңүүчү аты-жөнүн анонимдүү калтырууга укуктуу.
"EuroMillions" лотереясы биринчи жолу 2004-жылы 13-февралда үч өлкөдө Франция, Испания жана Улуу Британияда өткөрүлгөн.Ошол эле жылы октябрь айында дагы алты өлкө Люксембург, Бельгия, Швейцария, Португалия, Ирландия жана Австрия кошулган. Лотереянын бардык оюнчуларынын саны 200 миллионго жакын.