Сырттан келген 148 миллион доллар каражат учурда Улуттук банктын эсебинде турат. Бул каражаттын көбүн экономиканы кайра калыбына келтирүү, ишкердикти жандандырууга жумшайлы деп пландап жатабыз дейт вице-премьер-министр Эркин Асрандиев.
"148 миллиондун ичинен 121 миллион доллары Эл аралык валюта фондунун экинчи траншы. Бул жардамдын 80 миллион доллары 5 жылга, 40 миллион доллары 10 жыл мөөнөткө карызга берилген. Мындан улам биз бул каражаттарды кайрадан төлөөгө жеңил болуш үчүн алгач экономиканы кайра жандандырууга жана ишкердикти колдоого, тагыраагы насыя катары 3, 4, 7 жылдык мөөнөт менен берсек, кийин ал акчаларды тышкы карызды жапканга жумшоону пландап жатабыз.
Учурда Улуттук банктын эсебинде турган каражаттар коронавирус илдети менен күрөшүүгө муктаждыктар болсо ошол жакка дагы сарпталат”, - деди Асрандиев