Бүгүн, 18-майда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев онлайн маалымат жыйын берип жатат. Анда өкүл облустагы оору жуктургандардын дээрлик көпчүлүгү чет өлкөдөн келгендер экенин билдирди.
"Акыркы суткада 6 адам вирусту жуктуруп алганы анык болду. Буга байланыштуу Ош облусунда коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 189 адамга жетти.
Акыркы убакта облуста абал турукташып калган болчу. Бирок чет жактан келген оор жүк ташуучу автоунаа айдаган жарандардан илдет чыгып жатат. Алардын басымдуу бөлүгү Орусия, Казакстандан келген жарандар. Жалпы облус аймагында санитардык-эпидемиологиялык, коомдук-саясий абал туруктуу жана көзөмөлдө", - деди өкүл.