Бүгүн, 21-апрелге карата коронавируска карата статистиканы саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев айтууда. Акыркы сутка ичинде дагы 7 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталган.
Анын ичинен:
Ош шаарында – 2;
Ош облусунда – 2;
Бишкек шаарында – 3.
Муну менен инфекция жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 147ге жетти. Анын арасынан 42си дарыгерлер, 61 кызматкер медициналык орто билимдүүлөр, 24ү медициналык мекемелердин башка тармагында иштейт. IT, чарба иштеринде иштегендердин арасында 20 кызматкерден да оору аныкталган.
Үсөнбаевдин айтымында, өлкөдө эпидемиологиялык абал, карантин эрежелери мурдагыдан дагы күчөдү. Инфекциянын көбү чет элден келгендерден табылгандыктан, бул жаатта дагы катуу тартипте иш жүргүзүлгөнүнө токтолду ал.