Грин-карт лотереясын жеңип алып АКШга кире албай калган жарандар Дональд Трампты сотко беришүүдө. Арасында Кыргыз жарандары дагы бар

Грин-карт лотереясын утуп алып, АКШда жашоого укук алган жарандар аталган өлкөгө кире албай калышкандарын айтып, президент Дональд Трамп менен мамлекеттик катчы Майк Помпеону сотко беришүүдө. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, президентти сотко бергендердин арасында Орусия, Түркия, Украина, Армения, Өзбекстан, Кыргыз өлкөсү, Тажикстан, Палестина, Египет жана Сириянын жарандары бар.
"Кыргыз жараны Өткүрбек Абдумоминов грин-карт лотереясын утуп алып АКШга кеткен. Ал жакка баргандан кийин үй-бүлөсүнүн келишине камылга көрө баштаган. Бирок анын үй-бүлөсү коронавирус пандемиясынын айынан киргизилген чектөөлөрдөн улам АКШга бара албай калган. Мындан улам анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн визасы бүтүп жокко чыгарылган", - деп жазылган орусиялык басылмаларда.
Азыркы учурда башка өлкөлөрдөгү АКШ элчилиги коронавирус пандемиясынан улам виза бербей жатат. Мындан тышкары Дональд Трамп апрель айында бир катар категориядагы чет өлкөлүктөрдүн, анын ичинде грин-карт лотереясын утуп алган жарандардын АКШга кирүүсүн убактылуу токтоткон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
0001KG
2020-07-22 19:26:46
Убактылуу токтотуптурго, вирус балееси бүткүчө күтүп турсаңар болмок экен, акш деле жыргап жаткан жок, миллиондогон мигранттар ишсиз жүрүшөт ал жакта деле!
+10
dangerouskg94
2020-07-22 19:50:16
Сотко бериптир Эми камайбы)))
+10
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан